Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Жаңы кодекстерге ылайык 500дөй соттолуучу түрмөдөн чыкты


Кыргызстандагы түрмө. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы түрмө. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын башынан бери 489 соттолуучу түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Мелис Турганбаев 20-июнда координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Турганбаев кошумчалагандай, ар кайсы соттук инстанцияларга 8590 соттолуучунун иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Анын ичинен 6118 иш каралып, 489у бошотулган. Дагы эки миңдей иш өзгөртүүсүз калган.

1-январдан тартып Кыргызстанда жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштеп жатат.

Буга байланыштуу түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан 9500дөн ашуун адамдын иши сотто кайра каралып, 400дөн ашык адам эркиндикке чыгары кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG