Тажикстандын Вахдат шаарындагы түрмөдө өткөн айда чыккан тополоңго "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алды. Аталган радикал топ 32 адамдын өмүрүн алган бул окуянын артында "халифаттын жоокерлери" турганын өзүнүн "Ал-Набаа" аттуу сайты аркылуу 14-июнда билдирди. Бирок аталган сайт бул маалыматты ырастаган эч кандай далилдерди келтирген жок.
Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги тополоң маалында өлтүрүлгөн 32 кишинин 17си "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө болгону үчүн эркинен ажыратылганын маалымдаган.
Душанбеден 15 чакырым алыстыктагы колонияда чыккан тополоңдо Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" үч мүчөсүнүн жана түрмөнүн үч сакчысынын өмүрү кыйылган.
Аталган партиянын өкүлдөрү өлгөндөрдүн саны бийлик билдиргенден кыйла көп экенин айтышкан.
Былтыр ноябрь айында Кожент шаарындагы түрмөдө да тополоң чыгып, абакта жазасын өтөп жаткан 21 киши жана эки түрмө сакчысы каза тапкан.