Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Конституциялык палатанын соттук отурумдар залы жана китепканасы жаңыланды


Эркинбек Мамыров конокторго жаңыланган китепкананы көрсөтүүдө.
Эркинбек Мамыров конокторго жаңыланган китепкананы көрсөтүүдө.

Оңдоо-түзөө иштери өткөрүлгөндөн кийин Конституциялык палатанын соттук отурумдар залынын жана китепканасынын расмий ачылышы болду.

Ачылыш аземине президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Йекта Камиль Ноян катышты.

Конституциялык палатанын тѳрагасы Эркинбек Мамыров оңдоо-түзөө иштерине, эмерек жана техника менен жабдууга Түркиянын ТИКА уюму 96,5 миң доллар бөлгөнүн айтты.

Соттук отурумдар залы менен китепкана 1996-жылдан бери жаңылана элек болчу.

Конституциялык палата ​мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылардын Баш мыйзамга ылайыктыгын аныктайт, эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет жана Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду чыгарат. (RK)

XS
SM
MD
LG