Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө маек куруп жатып, Төмөнкү Орок айылында кабарчы кыз менен болгон окуяга комментарий берди. “Мамлекеттик кызматкер катары бул окуядан кандай сабак алдыңыз?” деген суроосуна ал журналисттерге интервью берүүдөн дагы деле карманып жатканын айтты.
“Мен таптакыр эле маек бербей эле коеюн деп чечтим. Билсеңер, мен башынан эле интервью бергенден, телевизорго чыгыштан качам. Коомдук саясатчы болгум келбейт, мен тынч эле эл үчүн иштегим келет. Эми микрофонду көргөндө, токтобой качайын деп атам”,-деди ал.
Абдраимов өзү сөз айткан кабарчы кыздан "журналист катары эмес, кыргыздын кызы катары кечирим сурашы мүмкүндүгүн" айтты. Ал кызды мазактабаганын кошумчалады.
5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдырганы барган журналист кыздардын бирине Абдраимов «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп, орой жооп узаткан. Бул окуя тартылган видео Интернетке тарагандан кийин социалдык тармактарда нааразылык күчөп, анын кызматтан кетишин талап кылгандар көбөйдү.
Буга байланыштуу 6-июнда Чүй облустук администрациясынын алдында активисттердин жана журналисттердин митинги да өттү. Алар менен жолуккан Туйгунаалы Абдраимов кыздын өзүнө жараша мамиле кылганын, андан кечирим сурабай турганын билдирген.
Коомчулуктагы нааразы пикирлерден улам премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карай турганын 6-июнда анын басма сөз катчысы билдирген. (ErN)