Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Пхеньян "ийгиликсиз саммит" үчүн жетекчилерди жазалаган


Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн өкүлү Ким Хёк Чхол (ортодо). Бээжин аба бекети. 19-февраль, 2019-жыл
Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн өкүлү Ким Хёк Чхол (ортодо). Бээжин аба бекети. 19-февраль, 2019-жыл

Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" гезити Түндүк Кореянын бийлиги февралда Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын Ханойдогу саммити ийгиликсиз аяктагандан кийин бир катар жогорку кызматтагы адамдарды өлүм жазасына тартканын жазды.

Басылма ырастагандай, Ким Чен Ындын буйругу менен мартта Пхеньяндын четиндеги Мирим аэродромунда Мамлекеттик кеңештин АКШ боюнча атайын өкүлү Ким Хёк Чхол, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин дагы төрт кызматкери өлүм жазасына тартылган. Аларды АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпташкан.

"Чосон ильбо" гезитинин маалыматына караганда, Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин биригүү боюнча бөлүм башчысы Ким Ён Чхол болсо, кайра тарбиялоо максатында саясий туткундар кармалчу лагерге жөнөтүлгөн.

Бул маалыматтарды башка көз карандысыз булактар ырастай элек.

28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдын борбору - Ханойдогу экинчи жолугушуусу эч кандай макулдашуусу жок жана күтүлгөндөн эрте аяктаган.

АКШ Ким Чен Ындан атомдук программасын тезинен токтотууну талап кылса, Түндүк Корея санкцияларды алуу зарылдыгын айтып келген.

XS
SM
MD
LG