Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада кезексиз парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленди. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Зеленский кол койгон парламентти таркатуу тууралуу жарлыкта жазылган. Документ мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Дүйшөмбү күнү президент катары ант берген Зеленский парламентти тарата турганын айтып, өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырган. Кийинчерээк ал бул чечимин депутаттарга элдин ишеними төмөн экендиги менен түшүндүргөн.

21-майда Зеленский Жогорку Раданы таркатуу боюнча планын парламенттин төрагасы жана фракция лидерлери менен талкуулаган.

Украинадагы эл аралык социология институту апрелде жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, эгер парламенттик шайлоо өткөн жекшемби күнү болгондо, беш пайыздык чектен төрт партия өтмөк.

Зеленскийдин жаңы түзүлгөн «Эл кызматчысы» партиясы добуштардын 29,5%, Орусия менен мамилени оңдоону жактаган «Оппозициялык платформа» 8,1%, Петр Порошенконун «Тилектештик» блогу 7,8% жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы 6,7% алмак.

Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий парламентти чукул жыйынга чакырган буйрукка кол койду. Украин депутаттарынын жыйыны бүгүн, 22-майга белгиленди. Мунун алдында президент Зеленский кезексиз жыйында депутаттарды шайлоо жана «Айкын сатып алуу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү өтүнүп кайрылган.

XS
SM
MD
LG