Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Прокурор Атамбаевдин жансакчысын беш жылга кесүүнү суранды


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

16-майда Свердлов райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Анда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранды. Бул тууралуу Атамбаев башкарган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады.

Кийинки соттук отурум 23-майда улантылат.

Дамир Мусакеев "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталып жатат. Ал УКМКнын 9-кызматын башкарып турганда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деп айыпталган.

Мындан сырткары, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Дамир Мусакеев муну куру доомат деп баалап, 10-майда өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG