АКШнын Коргоо министрлиги эгер Иран «өзөктүк куралдарды чыгарууну тездетсе», Жакынкы Чыгышка 120 миң аскер кызматкерин жөнөтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу «The New York Times» гезити Ак үйдөгү өз булактарына шилтеме берүү менен маалымдады.
Билдирүүдө тиешелүү планды АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан жарыялаганы айтылат. Жакынкы Чыгышта аскер контингентин көбөйтүүнү сунуш кылгандардын бири – АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.
Гезит кургактагы операциялар тууралуу сөз жок экенин белгилеген. Эгер мындай чечим кабыл алынса, көбүрөөк аскер кызматкерлери талап кылынат.