Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Согушта дайынсыз жоголгон 1883 жоокердин көмүлгөн жери табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку беш-алты жылда Улуу Ата Мекендик согушка кетип, дайыны чыкпай калган 1883 жоокердин кайда курман болгону жана көмүлгөн жайы табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» согушта дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзгөн «Эрдик – Подвиг» коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди:

- Кайрылуулар абдан көп болуп жатат. Акыркы жылдары дареги дайынсыз 1883 кыргызстандык жоокердин курман болгон жери жана сөөгү кайсыл жерге коюлганы такталды. Биз жакында эле үч үй-бүлөнү узаттык. Алардын аталары Новгород облусуна коюлуптур.

Кант шаарынын тургуну, Каныбек Мырзаканов жана анын жубайы Гүлнур менен Улуу Ата Мекендик согуш маалында дайынсыз жоголгондорду издөө ишин үй-бүлөсү менен колго алган.

1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 344 согуш ардагери калды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG