Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгери Эрнис Алыбаевге байланыштуу «шылуундук» фактысы боюнча ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.
Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахмат Сулаймановдун «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, Алыбаев «чет өлкөлүк ишкерлердин ишенимине кирип, алардын маселелерин чечүүгө убада берген жана ишкерлерден ири суммада акча алганы менен убадасын аткарган эмес».
Эрнис Алыбаев азыр УКМКнын тергөө абагында отурат жана иликтөө жүрүп жатат.
Мунун алдында белгилүү хирург, Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеев Эрнис Алыбаев мындан он күнчө мурун камалганын, кылмыш иши тууралуу маалыматы жок экенин «Азаттыкка» билдирген. (EBM)