Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

1-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-майга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Эртең күн жылып, асманды булут каптап турат. Бийик тоолуу райондордо жаан жаайт, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Таласта түнкүсүн 5...7, күндүз 9...21,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…8, күндүз 21…23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн 0…-3, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° болот. (KR)

XS
SM
MD
LG