Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Кытай «Бир алкак - бир жол» долбоору боюнча сынга жооп берди


Кытай президенти Си Цзиньпин Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен. 25-апрель, Бээжин.
Кытай президенти Си Цзиньпин Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен. 25-апрель, Бээжин.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин өзүнүн эски Жибек жолун калыбына келтирүүгө багытталган «Бир алкак - бир жол» планы эл аралык соода кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталганын билдирди. 26-апрелде Бээжинде өтүп жаткан «Бир алкак - бир жол» форумунда сөз сүйлөгөн учурда Кытай президенти АКШ, Евробиримдик жана башка көптөгөн чет элдик өнөктөштөрдүн нааразылыгын жараткан кытайлык фирмалардын конкуренцияга каршы субсидиялары жокко чыгарыла турганын айтты.

«Биз чыныгы атаандаштыкка жолтоо болгон жана өзүн актабаган эреже, субсидия, ыкмаларды карап чыгып, жокко чыгарабыз. Бардык компания, ишкана жана бизнеске тең карайбыз», - деди Си.

1 триллион долларга бааланган «Бир алкак - бир жол» деп аталган долбоор Кытайды Европа, Африка жана Азиянын башка өлкөлөрү менен туташтырган темир жол, автоунаа, деңиз жолдорун курууну, энергетикалык инфраструктура түзүүнү максат кылат.

Форумга Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус, Азербайжан жана башка ондогон мамлекеттердин президенттери, Пакистан, Италиянын премьер-министрлери барышты. Германия менен Франция да министрлерин жиберди. Бирок АКШ өз өкүлдөрүн жөнөткөн жок.

АКШ жана Евробиримдиктин курамындагы бир катар мамлекеттер долбоор аркылуу «өнүгүп келаткан мамлекеттерди карызга батырууда» деп Кытайды сындап келишет.

Кытай президенти бул сынга карыз тобокелчилигинин алдын алабыз деген убада менен жооп кайтарды.

2013-жылдан бери Кытай чет өлкөлүк долбоорлорго 90 миллиард доллар инвестиция салган. Кытайлык банктар берген насыя 200 миллиард долларга жетти.

XS
SM
MD
LG