Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Мектепте чогултулган акчанын эсебин сураган ата-энелер митингге чыкты


Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелеринин митинги. Бишкек, Кыргызстан. 24-апрель, 2019-жыл.
Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелеринин митинги. Бишкек, Кыргызстан. 24-апрель, 2019-жыл.

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Ата-энелер мектеп директорун биротоло иштен алууну талап кылып жатышат.

Митингге чыккандар менен Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев жолугуп, маселе чечилерине убада берди. Ата-энелер болсо парламент депутаттардын алар менен жолугушуусун күтүп жатышат.

Аталган мектептин ата-энелери эки жумадан бери маселени көтөрүп, тиешелүү органдарга кайрылган.

Бул боюнча териштирүү башталып, мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилгени маалым болду.

Нааразы болгондор 4500 бала окуган мектепте ай сайын көп акча жыйналарын айтып, директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап келишет. Мектеп жетекчилиги каражат мыйзам чегинде топтолорун айтып, дооматтарды четке кагууда. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG