Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Маалымат жана байланыш комитети «эгемен Рунет» тууралуу комментарий берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети 16-апрелде Орусияда кабыл алынган «эгемен Рунет» мыйзамы жана анын Кыргызстанга таасири тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

- Орусиянын «эгемен Рунет» деп аталган мыйзамы Орусиянын банк системасын санкциялардан сактап калуу максатында кабыл алынган. Орусиядагы туруктуу Интернетти камсыздоону координациялоо милдети Роскомнадзорго ыйгарылган. Бул органдын трафикти көзөмөлдөөгө укугу бар, ал эми Кыргызстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде андай укук жок, - деди комитеттин басма сөз өкүлү Анара Мамытова.

Аталган комитет учурда интернет-трафикти жана анын контентин көзөмөлдөө милдети азыр бир да мамлекеттик органга жүктөлбөгөнүн кошумчалады.

Буга чейин айрым Интернет колдонуучулар жана активисттер орусиялык мыйзам Кыргызстанга да таасирин тийгизерин айтып, тынчсыздануусун билдиришкен.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 16-апрелде Орусия Интернетинин Дүйнөлүк желеден бөлүнүшүнө жол ачкан мыйзам долбоорун акыркы окууда жактырды. Орусия үчүн өз алдынча Интернетке кепилик берген бул мыйзам байланыш операторлору аркылуу маалыматты чектөөгө да жол ачат.

Кыргызстан Орусиядан тартылып келген Интернет трафикти Казакстандан сатып алат. (KR)

XS
SM
MD
LG