Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйыл ратификацияланган Майыптардын укуктары боюнча конвенция боюнча өкмөттүн планы жок экенин айтып, өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды:
- Азыр биз Майыптардын укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификация кылдык. Азыр аны аткаруу боюнча маселе чыгып жатат. Өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүш керек. Буйрук өкмөттүн аппаратында жатат. Ошону бат-баттан бүтүрүп, келгиле, жумушту баштайлы. Конвенция күчүнө кирди, бизде болсо бир да план же иш аткарылбай жатат.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын 2019-жылдын 14-мартында ратификациялаган.
Конвенцияны БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган. Кыргызстан ага 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган.
Анын максаты - майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунаада майыптарга шарт жок болуп жатканы эл арасында сынга алынып жүрөт. (KR)