Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Пакистанда талибдер базарга кол салышты


Жардыруудан набыт болгондордун сөөктөрүн ташуу учуру. Кветта, Пакистан. 12-апрель, 2019-жыл.
Жардыруудан набыт болгондордун сөөктөрүн ташуу учуру. Кветта, Пакистан. 12-апрель, 2019-жыл.

Талибдердин кол салуусунан бери дегенде 20 адам, анын ичинде эки бала мүрт кетип, 48 адам жарадар болду. Жардыруу Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта провинциясында болду. Полиция башчысы Абдур Раззак Чиманын «Азаттыкка» айтканы боюнча, бомба жашылча базарына токтотулган машинеге коюлган.

Кветтадагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы талиб кыймылы алды. Мунун алдында Ооганстандын батышындагы Гул провинциясында талибдер полиция кербенине кол салып, жети полиция кызматкерин өлтүргөнү кабарланган.

«Талибан» кыймылы Ооганстанда жазгы чабуулдарын баштай турганын эскерткен. Кыймылдын 12-апрелде беш тилде жарыяланган расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантары жазылган.

XS
SM
MD
LG