Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Украина орусиялык 800 жаранга, 300 компанияга санкция салды


Украинанын президенти Петро Порошенко, 19-март, 2019-жыл.
Украинанын президенти Петро Порошенко, 19-март, 2019-жыл.

Украина орусиялык 800 жаранды жана 300 компанияны «кара тизмеге» киргизди. Бул тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Петро Порошенко кол койгонун Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин сайты маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, санкциянын тизмесине Орусиянын Мамдумасынын депутаттары жана парламентинин эки палатасынын тең спикерлери киргизилген.

Мындан тышкары Орусиядагы төрт банкка жана АКШ, Евробиримдик жана Канада санкция салган орусиялык ишканаларга да чектөө киргизилди.

Крымдагы көпүрөнүн курулушуна жана былтыркы Керч жаңжалына катышкандар да санкцияга кабылат. «Кара тизмеге» аннексияланган Крымда шайлоо уюштургандар да кирди.

Дүйшөмбүдө президент Порошенко Батышты Орусияга каршы санкцияларды узартып, Украинанын колдоого үндөдү.

АКШ, Канада жана Евробиримдик Орусияга салынган санцияларды кеңейткен.

Москва Батыштын санкцияларына тиешелүү жообун берерин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG