Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Чек арадагы абалга эки өлкөнүн милициясы көз салууда


Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган аймакта Кыргызстан жана Тажикстандын милиция кызматкерлеринен түзүлгөн биргелешкен топ коомдук тартипке көз салууда.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, биргелешкен топ 15-марттагы эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн. Учурда чыр чыккан аймакта тартип бузуулар катталбаганын милиция кабарлады.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын үч жараны октон жараат алган. Тажик тарап эки адам каза болгонун, бир нече адам жараат алганын кабарлоодо. Ушу тапта абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү иштеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG