Ээси доого жыгылат...
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында ишке кирген айыппулдун суммасы автоунаанын ээси менен кийин аны сатып алган адамдын жоопкерчилигине байланышкан маселени курчутту.
Кыргызстанда азыр бир машинени техникалык паспорт менен айдап жүргөндөр көп. Ал эми "Коопсуз шаардын" эрежеси боюнча айыппул машиненин документте көрсөтүлгөн ээсине гана жиберилет.
Бишкектик Баястан Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мониторинг борборуна так ушул маселенин айынан кайрылган:
"Машинени эки жыл мурда саткам. Андан бери канча кишинин колунан өткөнүн билбейм. Анткени ал машине кымбат деле эмес болчу. Эл ташып акча тапканга эле ыңгайлуу эле. Мага бул жактан айыппулдарды төлөп, андан кийин сотко кайрылууну сунуш кылышты. Мен эреже бузган айдоочуну сот аркылуу гана таап, айыппулдарды төлөтүп алсам болот экен. Башка жол жок дешти".
Бул маселе тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунун кызматкери Бакыт Акжолтоев "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жол эрежеси бузулганда айып анын документтеги ээсине гана коюлат:
"Биздин жарандар машинесин ишеним кат менен сатып жиберишет, анан өздөрүнөн жоопкерчилик алынды деп эсептешет. Бирок Бузуулар кодексинин 306-беренеси боюнча жол эрежеси бузулганда ээси гана жооп берет. Автоунааны башкарып жүрүп, эреже бузган адам ал үчүн жооп бербейт. Ошондуктан, ишеним кат менен саткан киши машиненин азыркы ээсин таап, мыйзамдуу түрдө ага өткөрүп берүүгө тийиш. Сот аркылуу өзү төлөгөн айыптарды кайра төлөтүп алса болот. Эгер антпей, айыппул төлөбөй жүрө берсе, туум өсүп кетет. Карыз автоунаанын чыныгы ээсинин моюнуна илинет, дагы кошумча чаралар көрүлөт".
Жол эрежесин бузгандардын айыппулу тууралуу маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында да катталат.
Он беш күн ичинде төлөнгөн айыппулдун жарымы гана алынат
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган айдоочу айыппулду он беш күндөн кечиктирбей төлөсө, мамлекет карыздын жарымын кечет. Бирок бул жеңилдик мас абалында рулга отургандарга, мамлекеттик номерин алмаштыргандарга берилбейт.
"Жол эрежесин бузганы тууралуу маалымкат унаа ээсинин колуна тапшырылган күндөн тартып, он беш күн ичинде айыппулдун жарымын гана төлөсө болот. Андан ашырып жиберсе, бир айдын ичинде толук төлөйт. Бир айдан кийин туум жазылат", - деди Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов.
Анткен менен бишкектик Айбек Борбуев айдоочуларга жолдо жүрүү шартын түзбөй туруп, айыппулдардын өлчөмүн жогору коюп салганы үчүн мыйзам чыгаруучуларга нааразы:
"Мен бюджеттик кызматта иштеп, 13 миң сом айлык алам. Мага эки жолу эреже бузганым үчүн 8 миң сом келиптир. Мен аны айыппул кылып берип койсом, үй-бүлөмдү кантип багам? Жол эрежесин бузбай айдоого биздин жолдор мүмкүнчүлүк бербейт. Мен жашыл күйүп турган учурда чектен өткөм, ары жакта тыгын болуп, мен өткөнчө кызыл күйгөн. Эми мени айыпка жыгып атат. Жолдорду кеңейтсин. Айыппулду азыраак кылсын. Он беш күн ичинде жарымын төлөсө болот дейт, ал убакта менде акча болбой калсачы? Карыз сураймынбы? Акырындап, азыраак сумма менен баштаса болмок".
Айыппул тууралуу каттар
Мурда кабарлангандай, "Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте 12-февралдан тарта ишке кирген. Ал эми жол эрежесин бузганы үчүн айыппул 4-марттан тарта жазыла баштаган.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматы боюнча бул аралыкта он миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталып, сегиз миңдей кат ээсине жиберилген.
Айдоочулар өздөрүнүн жол эрежесин бузганы тууралуу маалымкатты күтүп отурбай, аны башкармалыктын сайтынан жана кол телефондорго орнотулчу тиркемеден билип алышса болот. Тиркемеге автоунааны каттап коюп, улам текшерип турууга болот.
Долбоор алкагында Бишкектеги он кесилишке орнотулган камералар тарткан эреже бузуулар Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунун кароосунан да өтөт.
Бул жерде жол эрежелери аргасыздан бузулган учурлар эске алынып, андайлар жокко чыгарылат. Аталган борбордун кызматкери Азамат Асанов "Азаттыкка" айтып берди:
"Себеби четки оң жакка же сол жакка бурулууга уруксат берүүчү жол тилкелерине көбүнчө автоунаалар токтотулган болот да, бурула турган машине эрежени бузуп, түз кетүүчү тилкеден бурулууга аргасыз болот. Мындай учурларды биз карап, айыппулду жокко чыгарабыз", - деди Азамат Асанов.
"Коопсуз шаар" долбоорунун 12-марттан тарта ишке ашат деп пландалган экинчи фазасы эки жума кечигип башталары кабарланган. Төрт баскычтан турган долбоордо борбор калаада жалпы 38 кесилишке камералар коюлат. Андан тышкары долбоор Ош шаарында, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош жолдорунда да иштейт деп маалымдалган.