Керч кысыгындагы жаңжалга байланыштуу Евробиримдик орусиялык сегиз аскер кызматкерине санкция салды. Санкциялык тизмедегилерге Евробиримдиктеги өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынат. Андан тышкары биримдикте мүлкү табылып калса тоңдурулат.
«Кара тизмеге» украиналык кемелерди жана аскерлерди кармап кеткен орусиялык үч кеменин командирлери, Федералдык коопсуздук кызматынын офицерлери, аннексияланган Крымдын чек ара башкармалыгынын жетекчиси жана анын орун басары бар.
2018-жылдын 25-ноябрында Украинанын аскер кемелери Кара деңиздеги Керч кысыгына жакындаганда аларды орусиялык чек арачылар тосуп, ок атышкан. Натыйжада украиналык экипаждын 24 мүчөсү, арасында бир нече жарадарлар кармалган. Орусиянын абагында отурган моряктарды 14-мартта Бириккен Улуттар Уюму «аскер туткундары» деп тааныды.
Федералдык коопсуздук кызматы «украиндер убактылуу жабык аймакка кирип, Орусиянын чек арасын бузушкан» деп түшүндүргөн. Киев Керч кысыгы эл аралык макамга ээ экенин билдирип, ал аркылуу каттоого Орусия тоскоолдук жаратып жатканын айыптап келет.
Евробиримдик, НАТО жана АКШ Москваны кысыктан өтүү эркиндигин калыбына келтирүүгө жана украин кемелерин кайтарууга чакырып келатышат.