Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Ташиев: Бул бийлик чек ара маселесин чече албайт


Камчыбек Ташиев президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. 9-сентябрь, 2017-жыл.
Камчыбек Ташиев президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. 9-сентябрь, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өз пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүштү.

Ал «Баткендеги талаш жер үчүн баарына даяр» экенин жазып, азыркы бийликти «жагдайды жөнгө сала албайт» деп айыптады. Ошого байланыштуу саясатчы өзү жаңжал чыккан аймакка жөнөгөнүн кабарлады.

«Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн «пиар» деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече албайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарыңа керек! Ата-бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!», - деп жазды ал.

Камчыбек Ташиев жазгандарын «Азаттыкка» да ырастады.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 14-мартта билдирүү таратып, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган. Жаңжал 13-мартта чыккан эле. Бүгүн маселени парламент жабык эшик артында талкуулап жатат.

Ташиев 2017-жылкы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыкканы белгилүү. Ал Жээнбеков менен Жалал-Абадда бир катар жолугушууларга катышып, аны шайлоого үгүттөгөн жайы бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG