Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасында кылмыш көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап жатат. Бул тууралуу 13-мартта облустук администрациянын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү билдирди.

2018-жылы өспүрүмдөр жасаган 215 кылмыш катталган. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсе көп.

Ошону менен катар өспүрүмдөргө карата зомбулук фактылары да көбөйүп жатканы айтылды. Атап айтканда, 2017-жылы 57, ал эми 2018-жылы 138 учур катталган.

Бийлик өкүлдөрү мындай көрсөткүчтөрдү кылмышты аныктоо иши жакшырганы менен байланыштырууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG