Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Украинада талапкер Зеленский кылмышка айыпталып жатат


Президенттикке талапкер Владимир Зеленский, 6-март, 2019-жыл.
Президенттикке талапкер Владимир Зеленский, 6-март, 2019-жыл.

Президенттикке талапкер Владимир Зеленский өзүнө жана "Студия Квартал 95" компаниясына каршы кылмыш иши козголгонун билдирди. 7-мартта ал “Фейсбуктагы” баракчасына кылмыш иши “арам акчаны адалдаштырууга байланыштуу” ачылганын жазды.

Президенттикке талапкер жакын арада ага каршы 2002-жылы Чернигов облусунда “киши сүзүп кеткен” деген кине менен дагы бир иш ачылышы мүмкүн экенин айтты.

Украин полициясы Зеленскийдин Киевдеги кеңсесинин жанында тыңшоо үчүн коюлган жабдык табылганын билдирди. “Киев полициясы президенттикке талапкер Владимир Зеленскийдин кеңсесинин алдынан тыңшоочу жабдыктын элементтерин тапты. Иликтөө жүрүп жатат” – деп билдирди.

“София” социалдык иликтөөлөр борборунун сурамжылоосуна ылайык, Украиндагы президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 20,3% Зеленскийди, 13,9% "Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенкону, 13,% учурдагы президент Петро Порошенкону колдоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG