Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Москвада бала сатууга аракеттенген кыргызстандык келин кармалды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Орусияда өз кызын сатууга аракет кылган кыргызстандык аял Москвада убактылуу кармоочу жайга кармалды. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Барнохон Расулжан кызы былтыр жайында Интернетке бир жаштагы кызын орус үй-бүлөгө "жакшы сыйлык үчүн берүүгө даяр" экенин жазган.

Бул жарыяны адам аткезчилигине каршы күрөшкөн Москвадагы "Альтернатива" уюмунун өкүлдөрү көрүп калып, бала алууну көздөгөн "жубайлардай" болуп, Расулжан кызына байланышка чыгышкан. Ал алгач туугандарынын басымы алдында, баласын сатуудан баш тарткан. Бирок 2019-жылдын январь айында кайра өзү "жубайлар" менен байланышкан. Ал "жакында көз жара турганын жана наристесин бир миллион рублга сатууга даяр экенин" айткан.

Келин Уфадан Москвага барып, баласын берип, акча алганы жана энелик укуктан баш тартары тууралуу тил кат жазып берген. Ошол маалда орус полициясы аны кармаган. Келин өз аракетин күйөөсү кош бойлуу кезинде таштап кеткенин, мурунку жолдошунан төрөгөн балдарын кабыл албай, көчөгө айдап чыкканы менен түшүндүргөн. Камакка алынган 23 жаштагы келиндин эки кызы, бир уулу бар. Азыр аларды балдар үйүнө жайгаштырышты. Келиндин күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG