АКШнын вице-президенти Майк Пенс Венесуэладагы кырдаалды талкуулаш үчүн дүйшөмбү күнү Колумбиянын борбору Боготага барды. Ал өзүн Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу деп жарыялаган Хуан Гуайдо, Колумбиянын президенти Иван Дуке Маркес менен жолугушту. Үч тараптуу сүйлөшүүдө АКШ Гуайдону толугу менен колдой турганы айтылды.
Пенс Венесуэладагы саясий кризисти жөнгө салыш үчүн 2017-жылы түзүлгөн улуттук Лима тобунун лидерлери менен жолукту. Бул топко Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнүн көп бөлүгү кирген. АКШ жана Европа Биримдиги ага кирбей туруп, топтун түзүлүшүн колдогон.
Жолугушууда Пенс эки күн мурда Колумбия менен чек арадагы кагылышууга губернаторлор жооптуу экенин белгиледи. «Алар гуманитардык жардамдын өлкөгө киришине жол тосуп, демонстрацияга шыкакчы болгон», - деп эсептейт АКШнын вице-президенти. Ошондой эле АКШ жакынкы күндөрү венесуэлалык жетекчилерге каршы катаал санкциялар кире турганын, бул өлкөнүн финансылык тармагына таасирин тийгизерин кошумчалады.
Жекшембиде БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш жана БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет зомбулукка жол бербөөгө, согуштук каражаттарды колдонбоого чакырган.