Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Саясатчылар менен «Апрель» телеканалына байланыштуу сот уланат


Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.

26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызы боюнча териштирүүнү уланат. Бекназаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышат.

15-февралдагы соттук отурумда Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аларды негизсиз каралап, кадыр-баркына шек келтиргенин, максат Атамбаев же телеканалдан акча өндүрүү эмес экенин айткан.

Экс-президенттин жактоочусу Кантемир Турдалиев Атамбаев «Апрель» каналына берген интервьюсунда массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды гана айтканын, доогерлерди эч кандай каралоо болбогонун билдирген.

Аты аталган саясатчылар экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG