Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ИИМдин тергөөчүсү пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын Ж.Н. аттуу тергөөчүсү, милициянын подполковниги 1700 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Маалыматка караганда, тергөөчү кылмыш ишинин фигурантынан пара алып жаткан.

- Миилциянын подполковнигин кармоо иштери Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча өндүрүштө каралып жаткан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган материалдарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ишке ашырылды, - деди ал.

Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери өткөрүлүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG