Бул үрөй учурган кылмыш иши мектеп окуучуларынын арасындагы үстөмдүк менен суицид көйгөйүн көтөрдү. Маселен, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 90го жакын окуучу өз жанын кыйган.
18 жаштагы окуучунун киши колдуу болгон сөөгү шейшемби күнү Каракол шаарында автоунаа базардын жанынан табылган. Аны өлтүрүүгө шектүү катары 16, 17 жана 19 жаштагы сегиз бала кармалды. Алардын жетөө маркум билим алган Караколдогу №5 орто мектепте окуса, бирөө мектепти бүткөн.
Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш башталды.
- Шектүүлөрдүн жактоочулары менен алардын ата-энелеринин катышуусунда алгачкы сурак жүргүзүлгөндө алар кылмышты жасагандарын моюнуна алышкан. Кармалган шектүү балдар өткөн жылдын декабрь айында өлгөн бала кармалган балдардын биринин мобилдик телефонун тартып алганы кылмышка барууга негиз болгонун айтып беришти.
Чөнтөк телефондон чыккан чырды териштириш үчүн жоон топ бала 11-класстын окуучусун 11-февралдын түнүндө үйүнөн чакырып алып кеткен. Окуучунун сөөгү эртең менен табылган. Туугандарынын айтымында каза болгон өспүрүм үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон. Келечекте спортчу болууну максат кылып, бокс менен машыгып жүргөн.
Өспүрүмдүн өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы аныкталып, 17 жаштагы үчөө эки айга, 16 жаштагы эки бала бир айга камакка алынды.
Бул окуя окуучулар арасындагы кылмыштуулук маселесин козгоду. Кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу акыркы жылдары жаш балдар кара күчүнө ишенгендерди пир тутуп, аларды тууроо күч алды деген пикирде. Ал керек болсо айрым мектеп окуучулардын түрмөдөгүлөр менен да байланышы бар экенин айтты:
- Айрымдар түрмөдөн чыгып келип алып мектептеги балдар менен байланышта болгондор бар. Алардын кылмыш дүйнөсүндө өтө деле чоң бедели жок. Бирок алар кримдүйнөнүн сөздөрү, анын жашоосу менен “ооруп”, аны жаш балдарга айтып, жайышат. Кээ бирөөлөр “түрмөдөгү байкелерибизди колдоп атабыз” деп тамак-аш да киргизишет. Бул деген криминалдык дүйнөнүн жаштарга болгон үстөмдүгү десек да болот.
Мектеп окуучуларынын бири-бирине болгон үстөмдүгүнөн өз жанын кыюуга барган учурлар да бар. Балдардын укугун коргогон уюмдар менен педагогдор суициддин бирден-бир себеби катары мына ушуну белгилешет.
"Азаттыктын" архиви: Караларды пир туткан жаштар
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы эле 88 окуучу өз жанын өзү кыйган.
Акыркыларын эле эске алганда, жыл башында Алай районунда 10-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Андан көп өтпөй 15-январда Ошто Гүлбаар-Төлөйкөн айылында 13 жаштагы бала суицидге барган. Февраль айында эле Таласта 8-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салган. Анын чөнтөгүнөн “Мени кечиргиле, тажадым” деген жазуу табылган. Ушул эле облуста январдын аягында 19 жаштагы жигит өз өмүрүн кыйган.
“Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова өспүрүмдөрдү өлүмгө түрткөн айрым жагдайларды атады.
- Ата-энелер миграцияга кеткенден кийин балдарынан тез-тез кабар алып туруш керек. Анан бизде рэкетчилик маселеси да бар. Окуучулар канчалык зордук-зомбулук көрүп, ур-токмокко алынып жатса да эч кимге айтпайт, унчукпайт. Анткени алар арызданган жаман, уят нерсе деп качан таяк жеп өмүрүнөн ажырыганча же суицидке жетмейинче жүрө беришет. Балдар бул менин өмүрүмө коркунуч алып келет деп да ойлонушпайт. Алардын өзүнүн түшүнүктөрү болот.
Билим берүү тармагы боюнча адис, психолог Асылбек Жооданбеков жаш балдардын өз өмүрүнөн кечкен акыркы окуяларды жалпы эле коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөр менен байланыштырды.
- Кыргызстанда жыл сайын миңге жакын адам өзүн өзү өлтүрүүгө барат. Анын ар бир төртүнчүсү же жүзгө жакыны жаш балдар. Бул – ар бир төрт күндүн биринде бир бала өз жанын кыйып жатат дегенди билдирет. Мунун бир нече себебин атоого болот. Коомдо тигил же бул ишти бүтүрөөдө, жеке мамиледе агрессия аябай күч. Жаштар бири- бири менен маселени акылга салып, пикир алышуу менен чечпестен дароо эле кара күч менен чечүүгө киришет.
Буга чейин Акыйкатчы институту үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик да өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болуп жатканын кабарлаган. Андан тышкары акыркы учурда Интернетте балдарды азгырган оюндар да өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн учурлар катталган.