Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Нарында өспүрүмдөр катышкан кылмыштар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адистер жашы жете элек балдардын кылмышка аралашуусуна миграция, жакыр турмуш сыяктуу бир нече себептер түрткү болоорун белгилеп жатышат.

Акыйкатчы институту жана “Голос свободы” фонду жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы жарыяланды. Андагы маалыматтарга караганда, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Нарын облусундагы №24 тергөө абагында кылмышка шектүү эки өспүрүм отурат. Аларга "ээсинин уруксатын албастан автоунаа айдаган" деген кине коюлууда.

Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев бул өспүрүмдөрдү камакка албай эле ишти тергесе болмок экенин айтты:

- Негизи эрезеге жете элек балдарды мыйзам боюнча камакка албастан, тергөө иштерин жүргүзүш керек болчу. Булардын иши сотко өтүп кетиптир, башкача айтканда соттун чечими менен камакка алынып, тергелип жаткан экен. Биз азыр ага кийлигише албайбыз. Адвокаттар же ошол балдардын ата-энеси апелляциялык арыз менен кайрылса болот. Алардын кылмышы аябай оор категорияга кирбейт. Түрмөдөн алардын аң-сезими терс жагына өзгөрүп, келечегине балта чабылат.

Өспүрүмдөр менен иштешкен атайын органдар облуста жашы жете элек балдар кылмышка аралашкан фактылар акыркы жылдары көбөйүп жатканын белгилеп келатышат. Былтыр Нарында мындай кылмыштардын саны 15 болсо, быйыл тогуз айдын жыйынтыгы менен эле отузга чамалаган.

Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн адиси Жылдыз Капарова өспүрүмдөрдүн кылмышка барышынын бир нече себебин санап өттү:

- Ата-энени көзөмөлү жок, мектеп ал бала кайда экенине, эмне кылып жүргөнүнө кызыкпагандыктан, баланын кылмыш кылууга убактысы кенен болгон үчүн кылмышка барып жатышат. Ата-эне баласынын ар мүнөтүн билиши керек, "ал эмне кылып жүрөт, эмне менен алек" деп. Ата-эненин кайдыгерлигинен улам балдар башкалардын азгырыгына кирип жатышат. Ошол эле убакта кылмышка барган балдардын арасында ата-энеси миграцияда жүргөндөр бар, алар чоң ата, чоң эненин же башка туугандарынын колунда турат. Мындайда балага көзөмөл жоголот. Ошондой эле мектептин жоопкерчилиги да чоң. Мындай балдарды тобокелчилиги көп топтогу балдардын катарына кошуп, өзгөчө көңүл буруш керек. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

Нарын облусунда 70 миңден ашык окуучу бар. Алар менен Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын элүүгө жетпеген инспектору иш алып барат. Бул көрсөткүч бир инспектор 2 миңден ашык бала менен сүйлөшүп, ар бири менен тил табышууга тийиш дегенди билдирет. "Бирок инспектордун буга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да жетпейт" дейт аталган башкармалыктын өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Кутман Нурманбетов:

- Биздин инспекторлор ар бир бала менен сүйлөшүүгө аракет кылат, бирок ошол эле 2444 окуучунун кулк-мүнөзүн билүүгө мүмкүнчүлүк болбойт. Мындайда балдар иштери боюнча комиссия, мектептин мугалимдери, коомчулук жардамга келет. Анткени оор кырдаалга туш болгон балдарды аныктоодо мугалимдердин жардамы зарыл. Биздин инспекторлор жетишпейт. Бир инспектор 4-5 айылдын мектеби менен иштешет. Ошондо жумасына бир мектепке бир гана жолу барганга шарты болот.

Мындан тышкары мектептеги рекетчилик, суицид, балдардын зордук-зомбулукка кабылышы сыяктуу толгон-токой маселе учурдун башкы маселесине айланды. Бул терс көрүнүштөрдүн алдын алууну ар бир мектептин социалдык педагогуна, милиция кызматкерлерине жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистерине жүктөлгөн. Бирок алар бул үчүн кесипкөй адистер тартыш экенин айтып жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG