Кыргызстанда электрондук паспорт даярдачу компанияны тандоо боюнча тендерге катышып утулуп калган германиялык «Muhlbauer» жана франциялык «IDEMIA France» компанияларынын арыздарын Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу «Muhlbauer» компаниясынын менежери Шандор Ковт «Азаттыкка» кабарлады.
Кыргызстанда быйылтан тартып биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспортту берүү пландалган. Жаӊы үлгүдөгү электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча былтыр тендер жарыяланган. Мунун жалпы баасын Мамлекеттик каттоо кызматы 1 миллиард 263 миллион сом деп эсептеп, 2019-жылдан тартып электрондук паспортту жарандарга берүүнү көздөгөн.
Жаңы үлгүдөгү электрондук паспорттогу жарандардын сүрөтү чапталган барагы поликарбонат пластиктен жасалып, ичинде маалымат камтылган чип орнотулат. Ошондой эле кыркка жакын коргоочу элементке ээ болот. Паспортко бланктарды камсыз кылуу боюнча тендерге беш компания катышып, өз сунуштарын берген.
Алар: германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы 686 миллион 772 миң 250 сомго; «Veridos» деген дагы бир немис компаниясы 936 миллион 347 миң 750 сомго; литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы 940 миллион 150 миң сомго; франциялык «IDEMIA France» ишканасы 948 миллион 713 миң 750 сомго; ал эми Казакстандын Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы 1 миллиард 257 миллион сомго Кыргызстанга жаңы паспорт үчүн бланктарды алып келүүнү сунуш кылышкан.
Бул сунуштарды конкурстук комиссия карап, сынак жарыялангандан күн өткөндөн кийин 1-февралда тендер жыйынтыгын жарыялаган. Анын натыйжасында литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы жеӊүүчү деп табылган.
Германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компаниялары тендерде эреже бузулганын билдирип, Мамлекеттик сатып алуу порталына арыз тапшырды. Ушундан улам тендерде жеңүүчү болгон литвалык компания менен келишимге кол коюу кийинкиге жылдырылды. Учурда тендердин жыйынтыгына нааразы болгон компаниялардын арызы териштилип жатат.
Мамлекеттик сатып алуу департаментинин мурдагы директору Улан Өзүмбеков ушул аптада аталган арыздар боюнча чечим кабыл алынарын билдирген. (ВкА)