Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Өкмөт басма сөз жыйындарын “Кабарда" өткөрүүгө аткаруу бийлигин милдеттендирди


Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин эн белгиси.
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин эн белгиси.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдарды “Кабар” маалымат агенттигинде гана басма сөз жыйынын өткөрүүгө милдеттендирди. Бул маалымат өкмөттөн тастыкталды.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги ишенимдүү булагына таянып, өкмөттүн тийиштүү документин жарыялаган. Өкмөттүн мөөрү менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын колу коюлган документте бардык мамлекеттик органдар “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде гана басма сөз жыйындарын өткөрүшү керек экени жазылган.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги 1937-жылдары негизделген. Учурда kabar.kg сайтында маалыматтар бир нече тилде чыгат. (TSh)

XS
SM
MD
LG