Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 12-февралда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында өрттөн набыт болгон эки бала алар менен кошо күйүп кеткен аялдын балдары болгон. Башкармалыктын басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, аял ал үйдө кайын журту жана күйөөсү менен чогуу жашаган.
- Иликтөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар боюнча аялы менен күйөөсү дудук болгону аныкталды. Жергиликтүү элден сурамжылоо жүргүзүлгөн учурда айрым күбөлөр маркум аял саат 14:00 чамасында 2 литр бензин сатып алып келе жатканын көрүшкөнүн айтышкан. Учурда өрттүн жана адам өлүмүнүн себептери аныкталууда.
12-февраль күнү күндүзү Таш-Дөбө айылындагы үйлөрдүн бириндеги кампа менен гаражда өрт чыккан. Өрт өчүрүлгөндөн кийин андан үч кишинин: 34 жаштагы аялдын, анын он жаштагы жана эки жаштагы балдарынын сөөктөрү табылган. (ZKo)