Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Футбол федерациясынын президентин шайлоо өтүүдө


Семетей Султанов, Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы төрагасы.
Семетей Султанов, Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы төрагасы.

Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президентин шайлоо өтүп жатат. Федерациянын президенти кезексиз конференцияда шайланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Оштогу футбол академиясынын өкүлү Азамат Алымкулов кабарлады.

Учурда президенттикке талапкер катары беш киши каралууда. Алардын арасында кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров, футбол федерациясынын башкы катчысы Медер Сыдыков, ишкер Аскар Салымбеков бар. Андан тышкары өз талапкерлигин Дастан Конокбаев, Алмаз Чокморов жана Канатбек Маматов койгон.

Федерациянын азыркы президенти Семетей Султанов ушул жылдын 7-январында кызматтан кетерин жарыялаган. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган.

Футбол федерациясынын жобосуна ылайык конференциянын делегаттары алгач Семетей Султановдун арызын канааттандырып, андан соң жаңы президентти шайлашы керек. Ал бул кызматты келерки төрт жыл аркалайт.

Талапкерлерге добуш берүү жашыруун түрдө өткөрүлөт. (KR)

XS
SM
MD
LG