Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

АКШ: Мюллер соттон орусиялык компания боюнча далилдерди жарыялабоону өтүндү


АКШдагы атайын прокурор Роберт Мюллер. 13-июнь, 2013-жыл.
АКШдагы атайын прокурор Роберт Мюллер. 13-июнь, 2013-жыл.

АКШдагы атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык «Конкорд менежмент жана консалтинг» компаниясынын өтүнүчүн канааттандырбоону соттон өтүндү.

Орусиялык компаниянын адвокаттары "Москва 2016-жылы АКШдагы шайлоого кийлигишкен болушу ыктымал" деген иш боюнча далилдерди ачыкка чыгарууну өтүнүшкөн.

Мюллердин түшүндүргөнү боюнча, далилдерди ачыкка чыгаруу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна шек келтирет. Атайын прокурор ошондой эле орусиялык хакерлер уурдап алып, былтыр октябрда тергөөнүн «жашыруун материалдары» деп Интернетке жарыялаган маалыматтар атайын бурмаланганын эскертти.

"Конкорд менежмент жана консалтинг" компаниясы орусиялык ишкер Евгений Пригожинге таандык экени айтылып жүрөт. Маалымат каражаттары жазгандай, ишкер президент Путиндин жакын чөйрөсүнө кирет.

Батыш медиасы баш кеңсеси Санкт-Петербургда жайгашкан "Интернет изилдөөлөр агенттигин" "троллдор фабрикасы" деп атайт. Аны "Пригожин көзөмөлдөйт" деп айтылат.

Орусиянын АКШдагы 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер былтыр "троллдор фабрикасы" баштаган үч фирмага жана 12 орус жаранына айып таккан.

XS
SM
MD
LG