Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Македон парламенти өлкө аталышы боюнча талкууну улантат


Скопьедеги нааразылык акциясы, 11-январь 2019-жыл.
Скопьедеги нааразылык акциясы, 11-январь 2019-жыл.

Македониянын парламенти өлкөнүн аталышын өзгөртүү маселесин талкуулоону бүгүн, 11-январда улантканы жатат.

Өлкөнүн Конституциясына "Түндүк Македония" деген жаңы аталышты киргизүү маселесин депутаттар 9-январда талкуулап баштаган. Бирок бейшемби күнү жыйын өтпөй калды. Македон премьер-министри Зоран Заев жана анын өнөктөштөрү өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан депутаттар менен сүйлөшүү өткөрүп жатканы белгилүү болду. Парламенттеги талкуу баш калаа Скопьедеги нааразылык акциялары менен коштолууда.

1991-жылы коммунисттик Югославия федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония жумурияты деген аталыш менен көз карандысыз өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак да бар болгондуктан расмий Афины келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн деген негизде андай аталышка каршы болуп келген.

НАТО жана Евробиримдикке мүчө болгон Греция бул талаш жөнгө салынмайын Македониянын эки уюмга тең кабыл алынышына каршы экендигин билдирген.

"Түндүк Македония" деген жаңы аталыш боюнча келишимге эки тарап былтыр июнь айында кол койгон. Македон депутаты бул маселени жактыргандан кийин аны грек парламенти ратификациядан өткөрүшү керек.

XS
SM
MD
LG