Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу жакыны күндөрү болот. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин бейшемби күнү түз эфирде калкка кайрылган учурда билдирди.
“АКШ менен Түндүк Кореянын башчыларынын экинчи саммити жакын арада болот жана бул Корей жарым аралындагы тынчтыкты бекемдөөгө жардам берет”, - деп белгиледи Түштүк Кореянын лидери.
Ал Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын Кытайдагы сапары саммитке даярдык тууралуу кабар берерин кошумчалады.
Сингапурда 2018-жылдын 12-июнунда тарыхта биринчи жолу АКШ менен КЭДРдин башчыларынын саммити өткөн. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери биргелешкен билдирүү жасашкан. Анда Пхеньян өзөктүк куралдан арылууга даяр экенин билдирсе, АКШ ага жооп катары коопсуздукка кепилдик берген.
Буга чейин Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуу январь же февраль айында болушу ыктымал экенин айткан.
Мунун алдында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну жактай турганын Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Бээжинде жолуккан учурда билдирди. Ошол себептүү ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен экинчи жолку жолугушууда колдон келишинче аракет кыла турганын айтты.