Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу келип чыкты


Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүлөрдүн бири. 15-март, 2018-жыл.
Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкүлөрдүн бири. 15-март, 2018-жыл.

4-январдан 7-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бул күндөрдө Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел, Чычкан), Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма), Красная Горка-Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90-95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот.

Айдоочуларга бул жолдордо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунуш кылынат.

XS
SM
MD
LG