Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Тарых музейин оңдоодо 118 млн. сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулган


Тарых музейинин ичиндеги мамылар.
Тарых музейинин ичиндеги мамылар.

Тарых музейин реконструкциялоо ишинде 118 млн. 215 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкарбек Акназаров 26-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул боюнча ишти УКМК тергеп жатат.

"Ата Мекен" фракциясы 25-майда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 189, 304, 306,308,221-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоп, тергөө УКМКга тапшырылган. (КЕ)

Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

XS
SM
MD
LG