Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Бурулайдын өлүмү боюнча сот 9-январда уланмай болду


Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21.12.2018
Иш боюнча сотко сурак бергени келген милиция кызматкерлери. 21.12.2018

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата ишти карап жатат. Бир айыпталуучу жана эки жактоочу сот отурумуна келген жок. Кийинки сот отуруму 9-январга жылды.

Беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн 27-май күнү күзөттө турган үч милиция кызматкери сурак бермек. Алардын экөө күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, бири такыр мойнуна алган эмес. Бирок айыпталуучулардын бири жана айыпталуучу сотко келбегенине байланыштуу сот отуруму жылды. Буга чейин соттук отурумда Бурулай бараткан машинени токтотуп, маркумду ички иштер бөлүмүнө жеткирген, жол кыймылын көзөмөлдөгөн эки кызматкер сурак берген.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев жогорудагы эки кызматкерге карата кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. (АiA)

XS
SM
MD
LG