Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Отунбаева Текебаевди тезирээк бошотууга чакырды


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот жараянында. 16-август, 2018-жыл.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот жараянында. 16-август, 2018-жыл.

Экс-президент Роза Отунбаева бул тууралуу 19-декабрда “Ата Мекен” партиясы абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин алтымыш жылдык мааракесин утурлай уюштурган сүрөт көргөзмөсүндө билдирди:

- Өмүрбек сөзсүз чыгат. Чыгышына биз баарыбыз көмөк көрсөтөбүз. Бүгүн сүрөт көргөзмөнү көрүп жатып, Өмүрбек түрмөдө акыйкатсыздыктан улам олтурганын, биз баарыбыз алсыз болуп жатканыбызды сезип-билип, ал түгүл уялып да турабыз. Акыйкаттыкты калыбына келтиргенге биз баарыбыз аракетти тайманбастан жасашыбыз керек. Мен бүгүн Өмүрбекти тезирээк бошотууга чакырык таштайм, - деди Отунбаева.

Отунбаевага чейин 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги басма сөз жыйынында Өмүрбек Текебаев боюнча суроого жооп бергенде буларды белгилеген:

- Бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

Мурдараак Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга албай турганын айтып, ырайым суроодон баш тарткан.

Башкы прокуратура болсо Текебаевдин адвокаттарынын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчүн четке каккан.

Ал эми 11-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитети Башкы прокуратурага бул ишти кайра кароо тууралуу кат жиберүүнү чечкен.

Анын алдында “Ата Мекен” фракциясы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө жана жабырлануучу орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин ноябрда Москвада камакка алынышы буга негиз болорун айтып чыккан.

Текебаев жана Чотонов Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр ар бири сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Айыпкерлер жана алардын адвокаттары кылмыш ишин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтугу” деп баалашкан.

Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна дарылануу үчүн которулган. (UE)

XS
SM
MD
LG