Орусиялык укук коргоочу, Москвадагы "Хелсинки" тобунун башчысы Людмила Алексеева 11-декабрда Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилет. Учурда маркум менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат.
Совет бийлигин кескин сындап, Путиндин Орусиясында куугунтукка кабылгандарды коргоп келген Людмила Алексеева 8-декабрда кечке жуук көз жумган.
Людмила Алексеева 1927-жылы Крым жарым аралындагы Евпатория шаарында төрөлгөн. Москва университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1967-1968-жылдары диссиденттик кыймылга кошулуп, көз караштарын ачык-айкын айтып, совет бийлигин сындай баштаган.
Бүт өмүрүн адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого арнаган Алексеева «Азаттыктын» орус кызматы менен тыгыз иштешип келген.
«Свобода» радиосунун архивинде укук коргоочунун бир топ эскерүүлөрү сакталган. Алардын биринде Алексеева советтик бийлик менен пропагандага болгон ички каршылык студент кезинде эле пайда болгонун эскерет.
Алексеева «диссидент» деген сөздү жактырбай, өзүн «башкача ой жүгүртүүчү» деп атоону туура көргөн. Советтик бийликтин идеологиясына ачык каршы чыга баштаган жылдары ал дайыма коркунуч менен жашагандыгын айткан жайы бар:
- Биринчиден, камакка түшүп каларымды билгем. Мен лагерден корккон эмесмин. Согушту баштан кечиргем, ачка калып, оор иштерди кылгам. Анда деле тирүү калгам. Мен эки гана нерседен коркчумун. Биринчиси - күйөөм менен ажырашып кетип, эки балам өзүмдө калган. Мен аларды өзүм багам, алардын сөзсүз балалыгы болот деп сөз бергем. Мени камап салышса, алардын келечеги кандай болот деп корктум. Экинчиси - мен ачкачылыкты көтөрө алчу эмесмин. Эки-үч күн ачка калсам, башым ооруп, кусуп, эс-учумду жоготуп койчумун. Анан мен сурактан коркчумун. Башка бирөөлөргө залакам тийбейби? Суроо узатса, тилектештеримди коргоп калгыдай кантип жооп беришим керек? Бул ойлор менен эки жылдай кыйнап жүрдү. Бирок, биринчи сурактан кийин бул коркунуч жоголду. Мен коркпойм деп чечтим.
1968-жылы Алексеева партиядан куулуп, Илимдер академиясындагы жумушунан бошотулган.
Советтик Жогорку кеңештин президиуму ага «антисоветтик чыгармаларды басып чыгарып, таркатканы үчүн» бир нече ирээт эскертүү берген. Ага карабай 1976-жылы укук коргоочу Москвадагы "Хелсинки" тобун түзүүгө көмөктөшүп, бир жылдан кийин өлкөдөн АКШга чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Алексеева Орусияга Советтер союзу тарагандан кийин кайтып келип, Москвадагы "Хелсинки" тобунун башчысы катары укук коргоочулук ишмердигин уланткан.
Алексеева 2009-2010-жылдары Москвада өткөн эркин жыйын өткөрүү укугун коргоо митингдерин уюштурууга катышкан. Андан кийин Болотная аянтындагы нааразылык жүрүштөрүнө жигердүү катышкан.
2014-жылы Орусиянын аскерий күчтөрүн Украинадан алып чыгууну талап кылган Тынчтык маршы резолюциясын колдоп чыккан.
- Крымды басып алуу менин өлкөмдү шерменде кылды. Бул кыйын кезеңде боордош Украинага кыянатчылык кылуу, - деп баалаган Алексеева Крымдын аннексияланышы тууралуу.
Өмүрү өткүчө адам укуктары, эркиндиги үчүн күрөшүп, куугунтукка кабылгандарды коргогон аял «2017-жылы Орусияда демократия орнойт» деп кыялданган.
- 10-15 жылда Орусия демократиялык, укуктук мамлекет болот. Кремлде ким отурбасын, адамдар өзүнө малдай мамиле кылууга жол бербейт. Өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө деле өкмөттө периштелер отурганы жок. Бир гана алар өз каалаганын кыла беришпейт, аларга жол берилбейт, - деген анын сөзү бар.
Алексеева өмүрүнүн акыркы жылдары Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болчу.
2017-жылы укук коргоо чөйрөсүнө кошкон алгылыктуу жетишкендиги үчүн Владимир Путиндин буйругу менен мамлекеттик сыйлык алган.
Алексеева укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн Нобел Тынчтык сыйлыгына эки жолу көрсөтүлгөн.
Бул күндөрү рунет легендарлуу укук коргоочу Людмила Алексеева менен коштошуп жатат. Алардын арасында адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу зор эмгегине ыраазылык билдиргендер, ошондой эле өмүрүнүн акыркы жылдарында "Кремлдин саясатын колдоп кеткен" деп сындагандар да бар:
"...Доордун жүзүн аныктаган адамдар бар. Алар тирүүсүндө да, каза болгондо да эсте калышат" деп сүрөттөйт Алексееваны саясатчы Лев Шлосберг "Твиттер" аккаунтунда.
"... Ал өмүрү өткүчө эки диктатордук режим менен күрөштү. Биринчиси урап, экинчисин ал жеңүүгө жетишпей калды. Биз анын ишин аягына чыгарышыбыз керек" деп жазат оппозиционер саясатчы Владимир Милов.
"Путинге эми ал жетишпей калат. Белгилүү, таасирдүү укук коргоочу болуп туруп, жалпысынан ал Путиндин курсун, кадырын колдочу. Түркүгү болчу" дейт саясий ишмер Егор Холмогоров.