Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Табигый кырсыктан жабыркаган 1700дөй адамга ссуда чегерилди


Жер титирөөдөн жапа чеккендер. Кара-Суу районунун Чайчы айылы.
Жер титирөөдөн жапа чеккендер. Кара-Суу районунун Чайчы айылы.

2018-жылдын башынан ушул убакка чейин табигый кырсыктан жабыркаган 1 668 жаранга ссуда бериш үчүн тиешелүү келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Финансы министрлиги кабарлады.

Жабыр тарткандарга жалпысынан 103 миллион 950 миң сом өлчөмүндө көмөк көрсөтүү каралса, ушу күнгө дейре анын 83 миллион 930 миң сом каражаты которулуп берилди.

Мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, дагы 648 жабыр тарткан жарандан 59 миллион 820 миң сомго арыздар кабыл алынды. Ал арыздардын ээлери үй курулушун белгилүү бир этабы бүткөндүгүнө байланыштуу кезектеги траншты бөлүп берүүнү өтүнүшкөн.

Кыргызстанда табигый кырсыктан жабыр тарткан жарандарга жардам катары республикалык бюджеттен 200 миң сом өлчөмүндө узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда же 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берилет. Жеңилдетилген ссуда 20 жылга пайызсыз түрдө таратылат. Учурда ссуда берүүнү Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ишке ашырат. (ErN)

XS
SM
MD
LG