Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Тажикстанда велотуристтерди өлтүргөн кишини өмүр бою соттоо суралды


Өмүр бою түрмөгө кесүү суралган Хусеин Абдусамадов - туристтерге кол салгандардын ичинен тирүү калган жалгыз адам.
Өмүр бою түрмөгө кесүү суралган Хусеин Абдусамадов - туристтерге кол салгандардын ичинен тирүү калган жалгыз адам.

Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик айыптоочу жабык эшик артында өтүп жаткан соттук отурумда мына ушундай өтүнүч келтиргенин сотко катышкандардын бири “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматынын маалымат булагынын айтымында, 19-ноябрдагы отурумда айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты.

Бул окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Өмүр бою түрмөгө кесүү суралган Хусеин Абдусамадов - кол салгандардын ичинен тирүү калган жалгыз адам. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталып жатышат. Тажикстанда азыр өлүм жазасы колдонулбайт.

Быйыл 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү кан жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараланган.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Бирок тажик бийлиги аны четке кагып, кол салуу үчүн азыр өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жактоочуларын күнөөлөгөн. Бул партиянын жетекчилиги болсо тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган. (UE)

XS
SM
MD
LG