Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Милиция зомбулукка кабылгандарга туура мамиле кылууну үйрөнүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция кызматкерлери зомбулукка кабылган аялдар жана өспүрүмдөр менен иштөөнүн эл аралык стандарттарын үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эл аралык уюмдардын жардамы менен атайын колдонмо иштелип чыккан. Анда зомбулуктун курмандыгы болгондорго туура мамиле кылуунун жана кылмыштардын бетин ачуунун жол-жобосу жазылган. Зордуктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн ыкмалары келтирилген.

Колдонмо кыргыз жана орус тилдеринде 2 миң нуска болуп таратылат. Учурда Бишкек, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын 27 тергөөчүсү атайын окуудан өтүп жатат.

2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинин жаңы варианты иштей баштайт. Анда милиция органдарынын кызматына байланыштуу бир катар жаңы нормалар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG