Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Донорлор Миң-Куш менен Майлуу-Сууга каражат бөлмөй болушту


Каражат Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы жети объектке берилет.
Каражат Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы жети объектке берилет.

Европа Биримдиги Фергана өрөөнүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо долбооруна 10 миллион евро бөлмөй болду. Бул тууралуу 9-ноябрда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга бөлүнүп бериле турган бул каражат уран калдыктары сакталып жаткан жети аймакта экологиялык кырсыктарды алдын алууга, зыянды азайтууга жумшалат.

Буга чейин Европа Биримдиги 16 миллион евро берген болчу.

Адистердин айтымында, аймакта элге жана айлана чөйрөгө коркунучтуу уу заттардын көлөмү 1 миллиард тоннадан ашат.

10 миллион евро боюнча чечим кабыл алынган эл аралык донордук конференция Кыргызстандын демилгеси боюнча Лондондо Европанын реконстракция жана өнүктүрүү банкына тиешелүү аянтчада өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG