Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Мира Карыбаева кызматтан бошотулду


Мира Карыбаева.
Мира Карыбаева.

Президенттик аппараттын Жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Анда айтылгандай, аны бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Карыбаеванын кызматтан бошотулушу анын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу экени кабарланды.

Мира Карыбаева 2016-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2017-жылы президентке кеңешчи болгон. Кийин аппараттагы аталган бөлүмдү жетектей баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG