Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Өкмөттүн түзүмү жаңы жылга чейин өзгөрбөйт


Өкмөт жыйындарынын бири.
Өкмөт жыйындарынын бири.

Жаңы жылга чейин өкмөттүн түзүмү өзгөрбөйт. Бул тууралуу депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып биринчи-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди:

- “Улуттук энергохолдингдин” түзүмү жаңы жылга чейин туруп турсун деп чечтик. "Эгер өкмөттүн жаңы түзүмүн түзсөк, сентябрдын аягында алып келебиз" деп айтканбыз. Жаңы курам түзгөн жокпуз, ошондуктан алып келбедик. Азыр ушул түзүм менен чыга турган болуп жатабыз. Анткени дагы эле аягына чыга элекпиз, талаш-тартыштар бар. Энергохолдингдин жакшы-жаман жактарын таразалап, ошого жараша чечим кабыл алышка туура келип жатат.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча күз айында сунуш менен келерин маалымдаган. Анын ичинен Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн экенин айткан.

Кийин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмү боюнча өзүнчө жумушчу топ иштеп жатканын, сентябрдын соңунда ал парламенттин кароосуна коюларын айткан.

Парламент 25-октябрда өлкөнүн кышка даярдыгын талкуулады. Анда “Улуттук энергохолдингдин” иши тууралуу сөз болду. Жыйында аталган компанияга бюджеттен 74 млн. сом бөлүнсө, анын 50 миллионго жакыны эле айлыкка коротулары айтылды. Компанияда 48 киши иштейт.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 2016-жылы Энергетика министрлиги жоюлуп, тармактагы саясатты жүргүзө турган “Улуттук энергохолдинг” түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG