Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

АКШнын өкүлү Өзбекстандагы реформаларды кубаттады


Уилбур Росс.
Уилбур Росс.

АКШнын соода министри Уилбур Росс өзбек өкмөтүнүн демократиялык реформаларга ынтаа коюшун кубаттады. Ал АКШ менен Өзбекстан эки тараптуу тыгыз кызматташтык жүргүзүшү зарыл экенин белгиледи.

Росс Борбор Азиядагы сапарынын алкагында 23-октябрда Өзбекстандын президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп, АКШ менен Өзбекстандын соода палаталарынын бизнес-форумунда сөз сүйлөдү.

Министрдин “мен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана демократиялык реформаларды колдойм” деп форумда айткан сөзүн АКШ элчилиги өз сайтына жайгаштырды.

2016-жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёев өз өлкөсүнүн Батыш мамлекеттери менен алакасын жөнгө салуу боюнча бир катар иштерди жасады. Мурдагы президент Ислам Каримовдон айырмаланып, ал коңшулаш өлкөлөр менен да мамилени оңдоду.

Укук коргоочулар бул аракеттерди колдоп, бирок 32 миллион калкы бар Өзбекстандагы сөз эркиндигинин абалына, цензура жана журналисттерди сот аркылуу кысымга алуу бар экенине тынчсызданып келатышат.

“АКШнын президенти Дональд Трамп Өзбекстандын кошуналары менен алака жана көпүрө түзүү боюнча президент Мирзиёевдин аракеттерин жогору баалаган” деди Росс.

АКШнын соода министри Өзбекстандан кийин Казакстанга жөнөп кетти. 24-октябрда ал Астанада президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG