Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Журналисттин жоголушу: АКШнын мамкатчысы Саудияга барат


Тагдыры белгисиз болуп жаткан журналист Жамал Хашогги.
Тагдыры белгисиз болуп жаткан журналист Жамал Хашогги.

Президент Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасында жазгандай, ал падыша Салман менен телефондон сүйлөшкөндө сауд лидери "жоголгон журналист Жамал Хашогги эмне болгону жөнүндө эч нерсе билбей турганын” айткан.

Трамп Эр-Риядга мамлекеттик катчы Майк Помпеону падыша Салман менен “тез арада” жолугушуу үчүн жөнөтүп жатканын да кошумчалады.

Ал эми Мамлекеттик департамент Трамп падыша Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Хашоггинин жоголушу боюнча “ачык жана ыкчам” иликтөө жүргүзүүгө чакырганын кабарлады. Саудиядагы монархиялык режимдин сынчысы Хашогги быйыл 2-октябрда өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен.

Түркиянын расмий адамдарынын ишениминде, журналист консулдуктун имараты ичинде саудиялык агенттер тарабынан өлтүрүлгөн. Саудия болсо мындай ырастоолорду четке кагууда. Түрк Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Түркия жана Сауд Аравия консулдуктун имаратында “биргелешкен инспекция” жүргүзгөнү жатат.

Журналисттин жоголушунан улам учурда эл аралык тынчсыздануулар жана Саудияга кысым да күчөй баштады. АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин эгер Хашоггинин жоголуусу үчүн Саудиянын өкмөтү жоопкер болсо алар “катаал жазага” кабыларын убада кылган. Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери болсо 14-октябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө саудиялык журналисттин жоголуусу боюнча “ишенимдүү иликтөө” жүргүзүүгө чакырышты.

Бир нече медиа уюмдар жана Батыш компанияларынын башчылары Эр-Риядда келерки аптада өтчү инвестициялык конференцияга барбай турганын жарыялашты. (UE)

XS
SM
MD
LG