Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Москвадан 200дөй кыргызстандык Бишкекке уча албай калышты


Москванын Домодедово аэропорту.
Москванын Домодедово аэропорту.

12-октябрда саат 22.00дө Москванын Домодедово аэропортунан Бишкекке кете турган «Эйр Манас» компаниясынын 562 ZM рейси кармалып, 200дөй кыргызстандык учуп кете албай жатышат.

Бул тууралуу кыргызстандык Алманбет Алибек уулу кабарлады.

Анын айтымында, жүргүнчүлөр аэропорттун тегерегиндеги мейманканага убактылуу жайгаштырылышты. Бирок, компаниянын өкүлдөрү учак качан Кыргызстанга кетерин кабарлашпастан, билет акыларын кайтарып берүүнү сунуштап жатат.

Кыргызстанга кете албай жаткан мигранттардын арасында жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар бар. Алар кайтарылган акчага кайрадан авиабилет сатып ала алышпастыгын айтышууда.

Москвадагы кыргыз элчилиги бул жарандардардын маселеси тууралуу кабар алган. Авиакомпаниянын өкүлдөрү учак Кыргызстанга 14-октябрда учаарын билдиришкен. Убактысы азырынча белгисиз. (LzT)

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG